УКМК Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортуна жакын жерге учкучсуз учактын кулашы боюнча маалымат берди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аймакта тактикалык мини-дрондун жаңы түрү кулап түшкөн.
«14-августта Балыкчыдагы полигондун аймагында тактикалык мини-дрондун жаңы түрүн сыноо боюнча машыгуулар өттү. Анын жүрүшүндө кичи-дрон Тамчыдагы аэропортко жетпей кулап түштү. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Учурда аэропорттун аймагын дрондун сыныктарынан тазалоо иштери жүрүүдө. Кырсыктын себебин адистерден турган топ аныктайт», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Ошол эле маалда УКМК чалгындоочу жана сокку уруучу бардык учкучсуз учактар, анын ичинде Bayraktar да «зыянга учурабаганын» билдирди.
Буга чейин 24.kg агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, Ысык-Көлдө Bayraktar учкучсуз учагы кулаганын кабарлаган.