Буга чейин социалдык түйүндөрдө Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортуна жакын жерде учак кулаганы жөнүндө маалымат тараган. Бирок ӨКМдин басма сөз кызматынан «Клоопко» ал учак эмес экенин, учурда маалымат такталып жатканын билдиришти.
«Манас» аэропортунун басма сөз кызматы учкучсуз учуучу аппарат кулаган болушу мүмкүн экенин кабарлады.
24.kg басылмасы укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, Bayraktar учкучсуз учагы кулаганын жазды.
Видео: Shtraf_kg телеграм-каналы