АКШда кыргызстандык сабалды — ТИМ ишти көзөмөлгө алганын билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лос-Анжелесте өспүрүмдөр тарабынан катуу сабалган Шайлообек Базарбай уулунун ишин көзөмөлгө алганын билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу кол салуунун чоо-жайын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Окуя 2-августта болгон. Базарбай уулунун айтымында, шаардагы көчөлөрдүн биринде анын унаасын велосипедчен өспүрүмдөр курчап алып, бөтөлкө ыргытышкан. Ал сыртка чыкканда 30дан ашык өспүрүм кол салып, автоунаасындагы буюмдарын уурдап кетишкен.
Жыйынтыгында Базарбай уулунун унаасы талкаланып, өзүнүн буту сынган.

Америкалык басылмалар окуяга күбө болгон Жанет Гарсия аттуу тургун топтошкон өспүрүмдөрдүн арасына чуркап барып, кыргызстандыкты чыгарып кеткенин кабарлашты.