Сталиндик репрессия учурунда курман болгондордун сөөгү жашырылган жер жөнүндө маалымат берген Бүбүйра Кыдыралиева 96 жашында көз жумду. Президент Садыр Жапаров анын жакындарына көңүл айтты.
Кыдыралиева Бишкектин жака белиндеги жашыруун жерди 1991-жылы ачыкка чыгарган. Ага сөөк жаткан жер жөнүндө атасы 1970-жылдары катуу ооруп калганда айткан. Ал «кызым, сен билесиң дөңдү, ал жерде кыргыздын каймагы жатат, жакшы заман келсе айт» деп аманат кылган.
Бүбүйра Кыдыралиева бул сырды айтуу үчүн бир нече бийлик өкүлдөрүнүн эшигин каккылаганын айткан. Кийин КГБда иштеген Болот Абдрахманов менен байланышып, ал дөңсөнү казууга кызыкдар болгон.
Ошондон соң 1938-жылы атылган 137 кишинин сөөгү «Ата-Бейит» комплексине кайра көмүлгөн. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен репрессия курмандыктарынын сөөгүн биринчилерден болуп тапкан өлкө болуп калган.
Айрым маалыматтар боюнча, 1937-38-жылдагы репрессияда Кыргызстанда 20 миңден 40 миңге чейин адам атылган. Аларын арасында Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев баштаган кыргыз уулдары болгон.