Бийликти сындаган Мирланбек Маратбек уулунун үйү тинтүүгө алынды

Image description15-августта өздөрүн Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерибиз деп тааныштырган кишилер Facebook баракчасында бийликти сындап жүргөн Мирланбек Маратбек уулунун үйүн тинтүүгө алышты.

Маратбек уулу Караколдо эмес, Бишкек шаарында жашаарын айтып, бирок эмнеге токтом Караколдун шаардык соту тарабынан чыкканын сурады. Буга тергөөчүлөр иш Караколдо аныкталганын билдиришкен.

Ошондой эле Маратбек уулу тинтүү учурун фейсбук баракчасында түз эфирде чыгылдырды. Ал күбөлөрдү чакырып, жашыруун, мыйзамсыз эч нерсе жасабаганын кошумчалады.

Кызматкерлер шаардык соттун токтому бар экенин айтып, алгач үйүнүн сыртын, кийин ичин тинтишти.

Алардын айтымында «Мирланбек Маратбек уулу фейсбукта өлкөдө тыюу салынган экстремисттик материалдарды жайылтууга» шектелип жатат.