Эки жашар наристенин өлүмү: Сот өгөй атасын бир берене боюнча актап, 2,5 жылга кести

Сот эки жашар наристенин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды.

Окуя 2023-жылы сентябрда болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, катуу соккудан улам баланын боору үзүлүп кеткен. Анын өлүмүнө шектүү катары апасы жана өгөй атасы кармалган.

Июль айында соттун чечими менен баланын апасына козголгон кылмыш иши токтотулуп, өзү психиатриялык ооруканага мажбурлап дарыланууга жөнөтүлгөн.

14-августта Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту өгөй атаны «Уруп-согуп кыйноо» беренеси боюнча актап, «Коркунучта калтыруу» жана «Кылмышты жашыруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 2,5 жылга эркинен ажыраткан.

Соттун өкүмүнө ылайык, ал чет өлкөнүн жараны болгондуктан, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин Кыргызстандан чыгарылат.
ЭСот ошондой эле аны каза болгон наристенин жакындарына материалдык чыгым катары 82,3 миң сом жана моралдык чыгым катары 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Маркум баланын жакындары Аламүдүн райондук сотунун чечими менен макул эмес. Алардын айтымында, судья соттолуучунун жаза өтөө мөөнөтүн 2023-жылдын 3-октябрынан баштап камакта өткөргөн ар бир күнүн эки күн деп эсептеп, жазаны бир жарым жылга кыскартып койгон.