Милиция: Маратбек уулунун үйүндөгү тинтүүнүн анын бийликке айткан сын-пикирине тиешеси жок

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Мирланбек Маратбек уулунун үйүндөгү тинтүү боюнча «Клоопко» комментарий берди. 15-август күнү эртең менен ал Каракол милициясынын кызматкерлери үйүн тинтүүгө алып жатканын Фейсбук барагы аркылуу түз эфирге чыгып көрсөткөн.

Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына ылайык, Маратбек уулунун үйү Каракол шаардык соту чыгарган токтомдун негизинде тинтүүгө алынган. Буга чейин Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы ага «Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

«Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн биз бул кылмыш иши боюнча толук маалыматты ачыктай албайбыз. Бирок, тергөө иштеринин алкагында жасалган иш-аракеттер укуктук гана мүнөзгө ээ жана объективдүү чындыкты орнотууга багытталган деп ишендире алабыз», — деп жазылган милициянын билдирүүсүндө.

Буга чейин бир катар басылмалар Мирланбек Маратбек уулунун үйүндөгү тинтүү тууралуу жаңылыктарында ал социалдык түйүндөрдө бийликтин аракеттерин сындап келгенин жазышкан.

Маалыматтарга ылайык, ал уран казууга каршылык билдирип, быйыл январда Ала-Тоо аянтына желектин макулдашылбаган вариантын илгендерди жоопко тартууну талап кылып прокуратурага кайрылган.

Мирланбек Маратбек уулу өзү мыйзамга каршы эч кандай аракеттерге барбаганын, үйүндө тыюу салынган буюмдар менен материалдар жок экенин билдирди.