Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы жаратылыш ресурстары жана экология министри Динара Кутманова менен анын уулу Кемелбек Кутмановдун камактагы мөөнөтүн 5-октябрга чейин узартты.
УКМК Кутманованы 2023-жылы 25-июлда кармаган. Атайын кызмат аны Жаратылыш ресурстары министрлигиндеги «коррупциялык фактылардын негизги уюштуруучусу» деп атаган.
2023-жылы октябрда Түркиядан анын уулу Кемелбек алынып келинген. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Кутманов министрликтин ишине кийлигишип, долбоорлорду каржылоодон 10% өлчөмүндө (жалпысынан 24,5 миллион сом) үлүш алып турган.
Кемелбек Кутманов 2021-жылы «Кумтор Голд Компанинин» калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө төгүшүн мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылган доогерлердин катарында болгон. Бул арыз кийин «Кумтөр» кенин улутташтыруунун себептеринин бири болгон.