УКМК «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү кечирим сураган видео жарыялады

УКМК 29-июнда кармалган «Йакын-Инкар» уюмунун төрт мүчөсү түшүндүрүү иштеринен кийин экстремисттик идеологиядан баш тартканын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алар светтик жашоо образына кайтып, балдарынын билим жана медициналык жардам алуусуна уруксат берерин айтышкан.

«Йакын-Инкар» Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик уюм деп табылган. Анын мүчөлөрү светтик жашоо образынан жана заманбап медицинадан баш тартышат. Кыргызстанда «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү балдарын мектепке жибербегени үчүн соттолгон учурлар болгон.