Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева жогорку окуу жайларда келишимдик негизде билим алуу акысынын жогорулашы боюнча комментарий берди.
Ал жогорку билимдин акысы өтө төмөн болбошу керек деп эсептейт.
«Өзүңөр билгендей, акыркы үч жылда ЖОЖдо билим алуунун акысын жогорулатууга мораторий бар болчу. Бирок андан бери экономика өзгөрүп, айлыктар менен пенсиялар көбөйдү. Студенттердин окуу акысы 300-500 доллар болсо, ошол эле маалда жеке мектептер балдарды жылына 5-15 миң долларга окутуп жатышты», — деди министр.
Кендирбаева ЖОЖ мугалимдеринин айлыгы жогорулабай, көбү башка тармактарга кетип жатканын белгиледи.
«Университеттердеги окутуучулардын айлыгы мектептеги мугалимдердикинен аз болуп калды. Буга байланыштуу көбү ЖОЖдон кете баштады. Экинчиден, окуу жайлардын материалдык-техникалык базалары өнүккөн жок. Учурда окуу акысын аныктоо маселесин ЖОЖдордун өздөрүнө бердик», — деди ал.
Буга чейин абитуриенттердин бири 24.kg агенттигине инженерлик кесипке окуунун акысы 30 миң сомдон 90 миң сомго чейин жогорулап кеткенин, үй-бүлөсү бул сумманы төлөй албастыгын айткан.
Дагы бир абитуриент архитекторлук окуунун акысы 40 миң сомдон 80-120 миң сомго чейин көтөрүлгөндүктөн, башка окуу жайды тандоого туура келгенин билдирген.