Өздөрүн «Москвадагы жаштар» деп тааныштырган кыргыз мигранттары Орусияда сойкулук менен алектенген кыргызстандык кыз-келиндерге видеокайрылуу жасашты. Алар мындай ишке баргандардын даректери бар экенин айтып, токтотпогондорун видеого тартып, соцтүйүндөргө чыгарышарын билдиришти.
«Москва шаарында өзүбүздүн эле айрым кыргыз эже-карындаштар бузулуп, жаман жолдо жүргөндөр көбөйдү. Биз бул жакта баш көтөрүп жүрө албай калдык. Сиздерге эскертүү катарында чыгып жатабыз. Бизге кимдин кайсыл жерде иштеп жатканы боюнча даректери менен маалыматтар келди. Дагы ушундай боло бере турган болсо, силерге барып, видеого тартып, элге чыгарабыз. Ошондуктан ойлонгула», – деген мигранттардын бири.
ИИМдин басма сөз кызматынан «Клоопко» бул боюнча мекеме жетекчилигинин маалыматы бар экенин билдиришти.
«Бул факт такталып жатат. Аткарылган иштер боюнча кошумча маалымат берилет», — дешти мекемеден.
Бул кыргыз мигранттары мекендеш кыз-келиндерге ушундай мазмунда кайрылуу жасаган алгачкы учур эмес. 2020-жылы жаштардан турган топ башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөн кыргыз кыздарын ур-токмокко алууга үндөгөн видеокайрылуу жасаган. Көп өтпөй алардын бири жаңы видео жарыялап, ИИМде жүргөнүн, андан «конкретный спрос» болуп жатканын айткан.
2012-жылдан 2016-жылга чейин интернетке Орусияда башка улуттагы адамдар менен жүрөт деп айыпталган кыргыз кыз-келиндерин суракка алып, кемсинтип, кээ бирлерин сабаган бир нече видео жарыяланган.