Тиешелүү токтомго 15-августта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ага ылайык, «ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204» коду менен белгиленген кара металлдардын куймаларын, сыныктары менен калдыктарын кайра эритүү үчүн экспорттоого алты айга тыюу салынды.
Мындай чечим эмнеге кабыл алынганы ачыкталган жок. Токтом кол коюлгадан үч күн ичинде күчүнө кирет.