Адвокат Бактыбек Автандил уулу Чүй облустук сотунун чечимдерине каршы Жогорку сотко арыз бергенин билдирди. Жазуучу «массалык башаламандыкка чакыруу» боюнча беш жылга эркинен ажыратылган.
Шакир өкүмгө макул эмес. Ал айрым кайрылуусунда эмоцияга алдырганы менен, эч кимди жапырт башаламандыкка чакырбаганын айткан.
Олжобай Шакир 2023-жылы август айында камалган. УКМКдан Шакир соцтүйүндөгү барагында «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакырууну камтыган чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү» жарыялаганын билдирген.
Кармалганга чейин жазуучу фейсбук барагында Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты берүү боюнча митинг өткөрүү ниетин билдирген.