Ош мэриясы Мунарбек Сейитбек уулуна жана машыктыруучусу Беганас Султанбаевге батир белек кылды

15-августта Ош шаарында Париж Олимп оюндарынын катышуучуларын тосуп алуу аземи болуп өттү. Анда Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигенов спортчуларды куттуктап, акчалай сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшырды.

Олимп оюндарына бокс боюнча катышып, күмүш медаль уткан мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 3 бөлмөлүү батир, 1 миллион сом жана машыктыруучусу Беганас Султанбаев 2 бөлмөлүү үй жана 500 миң сом менен сыйланды. Дагы бир машыктыруучу Турдалы Оморовго 500 миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

Ал эми Олимп оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча коло медалынын ээси Акжол Махмудов 1 миллион сом, машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов 200 миң сом менен сыйланды.

Дзюдочу Айбек Кубанычбек уулуна 250 миң сом жана машыктыруучусу Бакыт Жусуповго 100 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучулары менен байге ээлерине автоунааларды жана акчалай сыйлыктарды тапшырган.

Парижде өткөн акыркы Олимпиадада Кыргызстандын курамасы 6 медаль - 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болду. Мелдешке Кыргызстандан спорттун беш түрү боюнча 16 спортчу катышты. Кыргызстан уткан медалдардын саны боюнча 206 өлкөнүн ичинен 68-орунду ээледи.