Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ири суммадагы каражатын алдатып жибергенин айткан кыргыз жарандарынын иши боюнча билдирүү жасады. Буга чейин алар кыргыз бийлигине кайрылып, жардам сурашкан. Ишкерлердин айтымында, алар ортомчулар аркылуу акча которууда ири суммадагы каражатынан кол жууган.
ТИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин демилгеси менен жабыркаган ишкерлер менен жолугушуу уюштурулган.
«Анын жүрүшүндө Кыргызстанга автоунаа, уюлдук телефон жана башка товарларды экспорттогон кыргыз жарандары шылуундарга ири суммадагы акчасын алдатып жибергени аныкталган. Төлөм Tether криптовалюталык төлөм системасы аркылуу USDT стейблкоиндердин жардамы менен жүргүзүлгөн», – деп жазылган билдирүүдө.
Мекеменин маалыматы боюнча, жабыркаган кыргызстандыктардын бири Түштүк Кореянын укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, ал Анян шаарындагы Киберкылмыштарды иликтөө полициясынын кароосуна кабыл алынган.
Ошондой эле Кыргызстандын элчилиги Кореянын Тышкы иштер министрлигине жана укук коргоо органдарына кайрылып, «ишти объективдүү кароого көмөктөшүүнү өтүнгөн».