15-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кичи-Анги жайлоосунда чагылган тийип 60 баш кой өлдү.
Маалыматка ылайык, чабан жабыркаган эмес.
Быйыл июль айында да ушул эле райондогу Жазы-Кечүү жайлоосуна чагылган түшүп, 250 кой өлгөн. Мындай койлор кийин жерге көмүлөт.