Бишкектин вице-мэри: «Мындай ысыкта асфальт эле эмес, мээ да эрийт»

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев борбор калаадагы жакында эле оңдолгон жолдордун сапатына даттанган тургундарга жооп берди.

Анын айтымында, бул көчөдө ашкере ысык болуп жатканына байланыштуу.
«Мындай ысыкта асфальт эле эмес, мээ да эрийт. Ошондой эле асфальт төшөлөрү менен дароо эле унаалар, автобустар жүрүп жатат», — деди аткаминер.

Ырсалиев шаардагы көчөлөрдүн биринин кесилишинде деформация байкалганын кошумчалады. Анын айтымында, жолдорду оңдоп жаткан компания үч жылга кепилдик бергендиктен, бул аралыкта ал бузулган жерлерин оңдоп берип турушу керек.

«Дөңгөлөктүн издери түшкөн бөлүгүн сыйрып, кайра жаңы асфальт төшөйбүз», — деди вице-мэр.

Быйыл жайында Бишкек мэриясы шаар көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштерин баштаган. Ал болжол менен 10-15-октябрга карата аяктайт деп күтүлүүдө.