Казакстан: Окуучулары классташын сексуалдык кулчулукта кармаган мектептин кызматкерлери иштен алынды

Казакстандын Кызылордо облусунун акими Нурлыбек Налибаев окуучулары 16 жаштагы классташын сексуалдык кулчулукта кармаган №7 мектеп-лицейинин директорун, тарбия иштери боюнча орун басарын, социалдык педагогун жана класс жетекчилерин иштен алды. Бул тууралуу жергиликтүү акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Аким ошондой эле шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине сөгүш жарыялоо жана тарбия иштери боюнча жооптуу кызматкерин иштен алуу тапшырмасын бергени кабарланды.

Облус башчысы жергиликтүү полиция департаментине кайрылып, аймактагы жооптуу полиция кызматкерлерине, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлдөрүнө жана жашы жете электер менен иштеген испекторго чара көрүүгө чакырды.

Мындан тышкары облустун балдар акыйкатчысы Жаксыгүл Тогановага жумушчу топ түзүп, аймактагы бардык билим берүү мекемелеринин ишине анализ жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Өткөн жумада сексуалдык зомбулуктан жабыркагандарды коргоо менен алектенген «НеМолчиKZ» фонду Кызылордо облусунда классташтары 16 жаштагы кызды жарым жыл сексуалдык кулчулукта кармаганын билдирген. Фонддун маалыматына ылайык, алар кызды «ата-энеңди өлтүрөбүз» деп коркутуп, аны сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан.