Самбо боюнча дүйнө кубогунда кыргыз курама командасы 13 медаль жеңди

Image descriptionЫсык-көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Самбо боюнча дүйнө кубогунда Кыргызстандын улуттук курама командасы эки күмүш жана 11 коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 15-16-августта Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп, ага 14 өлкөдөн 250дөн ашык спортчу катышты.

Саяк Бараканов менен Адилет Кубаныч уулу 2-орунду ээлешсе, Байэл Жакшылыков, Жамалбек Асылбек уулу, Фарух Мамаджанов, Шахрер Идирисов, Бекболот Токтогонов, Курманбек Замирбек уулу, Шерзат Кудайбердиев, Акак Үсөн кызы жана Канышай Аманкулова коло медаль жеңишти.