ӨКМ Ысык-Көл районундагы селдин кесепетин жоюу жана кечиктирилгис чараларды көрүү максатында өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын кабарлады.
Бүгүн, 19-август 06:30дар чамасында аталган аймактагы Темировка айылында 100дөн ашык үйдүн короосун сел каптаган.
Ал эми 18-августта Булан-Сөгөттү, Корумду жана «Ысык-Көл Аврора» эс алуу жайын суу каптаганы кабарланган.
Ошол эле күнү 15:30 чамасында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң-Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, Московская көчөсүндөгү кашардын короосун суу каптаган.
Ага чейин Тоң районунун Ак-Сай айылындагы 30 үйдү суу каптап, 13 киши коопсуз жайга чыгарылган.
Андан сырткары Саруу айылындагы Чийдүү-Колот коктусунан ашкан кыян Жууку унаа жолун каптап өткөн.
Азыркы учурда бардык айылдарда селдин кесепетин жоюу, ички жолдорду тазалоо жана кырсыктан келтирилген чыгымды эсептөө иштери жүрүүдө.