Сот Көлбаевдин жан сакчыларын 50 миң сом айыпка жыкты

Image descriptionБишкектин Биринчи май райондук соту маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин беш жансакчысын «бийлик өкүлүн коркутуу же аларга зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. 

Соттон «Клоопко» алардын ар бири 50 миң сомдон айыпка жыгылганын билдирди. Чечим былтыр 27-декабрда чыгарылган. 

Камчы Көлбаев былтыр УКМК тарабынан кармоо учурунда жок кылынган. Атайын кызмат Көлбаевдин былтыр абакта өлтүрүлгөн кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө тиешеси бар экенин айткан.

Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин, анын уюшкан кылмыштуу тобунун 40тан ашык мүчөсү жана лидери кармалган. Ошондой эле кримтөбөлдүн мыйзамсыз жол менен алынган болжолдуу 1 млдр доллар активи камакка алынган.