Жөө күлүк Сардана Трофимовага унаа жана сыйлык тапшырылды

Image descriptionМаданият министри Алтынбек Максутов 20-августта Париждеги олимпиаданын катышуучусу Сардана Трофимовага унаанын ачкычын жана 500 миң сом сыйлык тапшырды.

Министрликтен жөө күлүк өлкө жетекчилигине колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, сыйлыктар келечекте жаңы бийиктиктерди багындырууга түрткү берерин айтканын белгилешти.

Трофимова аялдар арасындагы олимпиадалык марафондо 14-орунду ээлеген. Ал 42 км 195 метр аралыкты 2 саат 26 мүнөт 47 секундда чуркап өтүп, жаңы улуттук рекорд койгон.

Парижде өткөн Олимпиадада Кыргызстан курамасы алты медаль — эки күмүш жана төрт коло жеңген. Бул Кыргызстандын Олимпиададагы эң ийгиликтүү көрсөткүчү. 

Буга чейин президент Садыр Жапаров Париждеги Олимп оюндарынын катышуучуларына жана байге ээлерине унаа жана акчалай сыйлык тапшырган.