Чүй облусунда дарыгерге кол көтөргөн кыз кармалды

Күн мурун соцтүйүндөрдө бир кыз дарыгерди уруп жатканы тартылган видео тараган. Милициядан окуя 19-августта Чүй райондук ооруканасында болгонун билдиришкен.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, саат 01:00 чамасында реанимацияга «алкоголдук уулануу» диагнозу менен 21 жаштагы кыз түшкөн.

«Ал болжол менен таңкы саат 04.00дө эсине келип, ооруканадан кетүүнү чечкен. Дарыгерлер туугандары келмейинче коё берүүгө болбостугун айтышкан. Кыз дарыгерлерге агрессивдүү мамиле кылып, реаниматолог-дарыгерге кол көтөрүп, ооруканадан чыгып кеткен», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ал ортодо бейтаптын кол салуусуна кабылган дарыгер «Клооптун» кабарчысына эмнеге кызды үйүнө коё бербегенин билдирди.

«Эгер "алкоголдук уулануу" диагнозу коюлса же бейтап бизге оор абалда түшсө, аны үйүнө жалгыз коё бере албайбыз. Кимдир бирөө “аны үйүнө аман-эсен жеткирем” деп жоопкерчилик алышы керек. Аны жакындарын күтүп турууга көндүрүүгө аракет кылдым. Бирок ал агрессивдүү мамиле кылып, кол көтөрдү», — деди дарыгер.

Ал бейтапка зыян келтирип албайын деп, анын соккуларынан коргонбогонун белгиледи.

«Мен өзүмдү коргогон да жокмун. Анын артында темир замбил турган — түртүп жиберсем ошого тийиши мүмкүн деп корктум. Кыз башка дарыгерлерге да жулунду, бирок мен ажыратып калдым», — деди дарыгер.

Бул факты боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалды. Шектүү кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Бул бейтаптар медицина кызматкерлерине кол көтөргөн алгачкы учур эмес. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков Кылмыш жана Укук бузуулар кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Ал тез жардам кызматынын өкүлдөрүнө, дарыгерлерге, өрт өчүрүүчүлөргө, милиция кызматкерлерине, сот аткаруучуларына жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө кол салгандарды жазалоону сунуштаган.