ӨКМ: Ысык-Көлдө суу каптаган 159 үй тазаланды

Image descriptionЫсык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. ӨКМ кызматкерлери эки күндүн ичинде 159 үйдү сел калдыктарынан тазалады.

Жалпысынан тазалоо иштерине миңден ашык киши жана 85 атайын техника тартылганы кабарланды.

18-августта нөшөр жаандан улам сел жүрүп, Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарын, ошондой эле «Ысык-Көл Аврора» пансионатын жана «Karven Ысык-Көл» эс алуу борборун суу каптаган.

Суу ташкынынан эң көп Темир айылы жапа чеккен, бул айылда жалпысынан 100дөн ашык үйдү суу каптаган. Мындан тышкары Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Тоң райондрунда да сел бир катар үйлөр менен жолдорду каптап, айрым жолдор убактылуу жабылган.

Селге байланыштуу Ысык-Көл жана Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.