Орусияда мигранттарга үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу сунушталууда

19-августта ЛДПР фракциясынын депутаттарынан турган топ мигранттардын Орусияга үй-бүлө мүчөлөрүн алып кирүүсүн чектей турган мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Документке ылайык, Орусияда эмгек келишиминин негизинде убактылуу иштеп жүргөн мигранттын жакындарына анын үй-бүлө мүчөсү катары өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

Демилгечилер кеп жарандыгы жок, эмгек келишминин же патенттин негизинде иштеген төмөнкү квалификациядагы адистер жөнүндө болуп жатканын белгилөөдө.

ЛДПР фракциясынын төрагасы Леонида Слуцкийдин айтымында, «топтошуп жашаган мигранттардын агрессивдүү жүрүм-турумуна даттанган жүздөгөн телефон чалуулар түшүүдө».

«Жергиликтүү тургундар мындай райондордо коркуп жүрүүгө аргасыз. Мындан тышкары бир мигрант менен чогуу аялы, балдары, ата-энеси баштаган ондогон тууганы келип жатат. Алар мектептердеги жана бала бакчалардагы орундарды ээлеп алууда. Мигранттардын көбү мыйзамсыз иштешет. Үй-бүлөсү аз камсыз болгон деп эсептелип, кош бойлуулукка жана бала багууга байланышкан бир катар төлөмдөрдү алып турушат», — деди Слуцкий.

Ал ортодо Мамдуманын депутаты Светлана Бессараб бул мыйзам долбоорун сынга алды. Анын айтымында, Орусия жогорку гана эмес, төмөнкү квалификациядагы адистерге да муктаж.
«Орусиялыктар иштегиси келбеген тармактарда жумушчулар жетишпейт. Бийлик болгону мыйзамдардын аткарылышын гана көзөмөлдөсө жетиштүү болот. Эгер жумушчулар мыйзамдарды бузса, анда жакында эле кабыл алынган нормативдик-укуктук актылардын негизинде аларды өлкөдөн чыгарсак болот», — деди Бессараб.

8-августта Орусиянын президенти Владимир Путин полиция кызматкерлерине мигранттарды соттун чечими жок эле депортация кылууга укук берген мыйзамга кол койгон. Документте мигранттарды «өлкөдөн чыгаруу режими» жөнүндө жазылган. Ага ылайык, мыйзам бузган чет өлкөлүктөр «көзөмөлдөнө турган адамдардын реестрине» киргизилет.

Путин ошол эле күнү орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбагандарды жарандыктан ажыратууга жол ачкан мыйзамга да кол койгон.