Паралимпиадага Кыргызстандан төрт спортчу катышат

Image descriptionБүгүн Министрлер кабинетинде өлкөнүн паралимпиадалык курама командасын узатуу иш-чарасы болду. 

Минкабдын башчысынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын тарыхында паралимпиадага биринчи жолу төрт спортчу катышып жатканын белгиледи.

Пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева жеңил атлетикадан Гүлназ Жузбаева, триатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы, дзюдодон Маматибраим Суранов катышууда.

«Сиздердин жетишкендиктериңиздер жана спорт – баарыбызды бириктирүүгө, ар бирибизди күчтүү болууга жана жакшы жакка үндөп жатат. Сиздердин Паралимпиада оюндарына катышып жатканыңыздардын өзү эле жеңиш. Сиздердин кайратыңыздар жана жеңишке болгон эркиңиздер биздин өлкөнү гана эмес, бүткүл дүйнөнү шыктандырат», — деди Байсалов.

Иш-чаранын соңунда ал паралимпиадалык кураманын капитаны Маматибраим Сурановго мамлекеттик тууну тапшырды.

Паралимпиада оюндары Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Ага 182  өлкөдөн 4400гө жакын спортчу катышат.