Президент элди жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров элди жараталышка аяр мамиле кылып, эс алгандан кийин таштанды таштабоого чакырды. Кайрылууну ал фейсбук барагына жарыялады.

«Урматтуу мекендештер! Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу. Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы. Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры», — деп жазды өлкө башчы.