Жалал-Абад: 12 жаштагы баланы сабаган шектүүгө карата териштирүү башталды

Image description19-августта Жалал-Абад шаардык милициясына Сузак районун Октябрь айылынын 33 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 17-август саат 18:30 чамасында шаардагы «Плаза» соода борборунун 4-кабытында 12 жаштагы баласын 30-35 жаштагы бейтааныш аял уруп койгонун айткан.

Бул маалымат шаардык милицияга каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

Ал эми жабырлануучуга карата атайын соттук-мелициналык экспертиза дайындалды. Териштирүү уланууда.