Баткен облусундагы Лейлек районунун 55 жаштагы тургуну алгач тойдон келе жаткан 51 жаштагы таанышын, кийин өзүн атып өлтүрдү. Бул тууралуу 21-августта райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-августта маркум аялы менен тойдон келе жатканда таанышы Ак-Булак айылынын 55 жаштагы тургуну аларды токтотуп, мурдагы келишпестиктен улам ага эки жолу ок чыгарып, качып кеткен.
«Шектүү ошол эле күнү саат 17:50 чамасында Кара-Таш жайытында өзүнө катталган куралы менен өзүн-өзү атып каза болгону аныкталды», — дешти милициядан.
Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды. Тергөө уланууда.