22-августта УКМК Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын тергөөчүсү пара талап кылып жатканда кармалганын билдирди.
«8 миң доллар пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 550 миң сом алып жаткан учурда милициянын капитаны кармалды. Ал арыз ээсине коюлган айыпты анча оор эмес беренеге өзгөртүү үчүн көрсөтүлгөн акчаны опузалап алганы аныкталды», — дешти атайын кызматтан.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Териштирүү иштери уланууда.