Бишкекте зордуктоо боюнча издөөдө жүргөн киши кайра эле ушундай кылмышка барган

Image description17-августта «Жал» кичи районунун жашоочуларынын бири милицияга арыз менен кайрылып, ага күч колдонуп, эркине каршы жыныстык катнашка барган кишиге чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул боюнча милиция «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. Ал буга чейин зордуктоо фактысы боюнча издөөдө жүргөн 30 жаштагы жаран экени аныкталды.