Бул тууралуу анын адвокаты Самат Матцаков билдирди. Анын айтымында, иш боюнча болжолдуу угуулар 23-августка белгиленди.
Ташовго «Бийликти күч менен басып алуу», «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча айып тагылган.
УКМК апрель айында Ташов бийликти күч менен басып алуу ишинин алкагында изделип жатканын билдирген. Кийин атайын кызмат аны Кайыңды айылынан кармаган.
Жыл башында соцтүйүндөргө Ташовдун видео кайрылуусу жарыяланган. Анда ал УКМК кызматкерлери уурдап кетип, мыйзамсыз курулуш иши боюнча мамлекетке төгүп берген 52 млн сомдон тышкары, дагы 100 миллион сом талап кылышканын айткан. Бул видео жарыялангандан кийин УКМК ишкерге кылмыш ишин козгоп, ага издөө жарыялаган.