Ош: Мэрияда жардыруучу зат бар деген кабардан улам кызматкерлер эвакуацияланды

Image descriptionБул тууралуу «Клоопко» 22-августта шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга бомба тууралуу кабар саат 12:36да келип түшкөн. Анда мэриянын электрондук дарегине имаратта жардыруучу зат коюлганы жазылган билдирүү келген.

«Учурда мэрияда иштеген кызматкерлер, иш менен барган кишилер эвакуациялап, имарат текшерилип жатат. Жеринде милиция кызматкерлери, ыкчам тергөө тобу жана башка күч кызматкерлери иш алып барууда», — дешти милициядан.