Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун бошогон мандатын «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Аккулу Бердиевге тапшырды.
Бердиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болгон. 2021-жылкы парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде талапкер болгон.
БШК Адахан Мадумаровдун депутаттык ыйгарым укуктарын 26-апрелде мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Учурда Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Исхак Масалиев.