«Айыл банк» орусиялык «Сбер» аркылуу акча которууларды токтотту

Мамлекеттик «Айыл Банк» банкы Орусиянын «Сбер» колдонмосу аркылуу акча которууларды белгисиз мөөнөткө токтотконун билдирди.

Банк ошол эле маалда «Золотая Корона», «Астра Сенд» жана «Юнистрим» системалары аркылуу акча которуулар кадимкидей эле иштей берерин белгиледи.

Бул орусиялык банктар менен акча которуу боюнча кызматташтыкты токтоткон үчүнчү кыргызстандык банк болуп калды. Буга чейин мындай чечим жөнүндө «Керемет банк» менен «Мбанк» билдирген. Учурда бул банктардын кардарлары үчүн «Золотая корона», Western Union, «Юнистрим» сыяктуу эл аралык системалар аркылуу акча которуулар жеткиликтүү.

2024-жылы июнда АКШ менен Улуу Британия Орусиянын валюталык базарында доллар менен соодалашууда ортомчулук кылган Москва биржасына, Улуттук клирингдик борборго жана Улуттук эсептик депозитарийге санкция салган. Андан кийин Кыргызстандын бир нече коммерциялык банкы Орусия менен акча которууларга убактылуу чектөөлөрдү киргизген.

Мындан тышкары экинчи багыттагы санкцияларга кабылып калуу тобокелдигинен улам апрелден бери Кыргызстанда орусиялык «Мир» карталары иштебейт.