«Бейиш эненин таманында» тасмасы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлөт

Режиссер Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» тасмасы Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан кинематографисттер биримдигинин башкармалыгынын мүчөсү Талантбек Төлөбеков билдирди.

«Дүйнөлүк атагы бар таланттуу режиссер Руслан Акун бир катар эл аралык кинофестивалдарда көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багынтууга жетишкен чыныгы шедевр жаратты. Бул тасма жөн гана чыгарма эмес. Ал биздин элдин тынчтык жана жакшылык тууралуу билдирүүсү», — деп жазды ал Фейсбук баракчасына.

«Бейиш эненин таманында» тасмасында менталдык жактан өзгөчөлүгү бар 35 жаштагы Адилдин апасын Меккеге чейин жөө алып барган сапары жөнүндө баяндалат.

Тасма быйыл март айында Казакстанда кирешеси боюнча биринчи орунга чыгып, кассалык хитке айланган. Ал төрт күндүн ичинде эле чет элдик блокбастерлерди артта калтырып, 1 млн доллардан ашык каражат чогулткан. Мындан тышкары тасма Орусияда жана Өзбекстанда чоң прокатка чыккан.

ТИМдин маалыматына ылайык, май айында «Бейиш эненин таманында» Москвадагы фестивалда Гран-при алган.

Кезектеги «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылы 2-мартта «Долби» театрында (Голливуд, Лос-Анджелес, Калифорния штаты) өтөт.