Кемпир-Абад иши боюнча апелляциялык арызды кароо 30-августка жылды

Image descriptionArcha media'нын маалыматына ылайык, отурумду кийинкиге жылдырууга Азимбек Бекназаров менен Илгиз Шаменовдун коомдук жактоочу сураганы себеп болду.

14-июнда Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кылмыштын курамы жок деген негиз менен 27 айыпталуучунун 22син актаган. Беш айыпталуучунун иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Буга чейин мамлекеттик айыптоо соттон «Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу» иши боюнча айыпталып жаткандардын баарын мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылдан эркиндиктеринен ажыратууну өтүнгөн.

12-июлда прокуратура Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча апелляциялык арыз берип, айыпталуучуларды күнөөлүү деп табууну өтүнгөн.