УКМК экс-депутат Нургазы Айдаровго издөө жарыялады

Image descriptionАтайын кызматтын маалыматына ылайык, Айдаров эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн, анын ичинде өзбек кримтөбөлү Салим Абдувалиевдин ишмердигин каржылап турган.

Абдувалиев Өзбекстанда «Салимбай Байбача» деген каймана ат менен белгилүү. Ал мекенинде 2023-жылы декабрда кармалып, быйыл мартта «Мыйзамсыз курал сатуу» беренеси менен алты жылга соттолгон.  

«Айдаров Абдувалиевдин мыйзамсыз иштерин жана анын "мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбек (Көлбаев) менен болгон жакын мамилесин билип туруп, Өзбекстанга барганда ага ар тараптан сый-урмат көрсөткөн. Өз кезегинде Абдувалиев Айдаровдун Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы бизнестерине колдоо көрсөтүп турган», — деп билдиришти УКМКдан.

Сот Айдаровдун бөгөт чарасын карап, аны камакка алуу боюнча сыртынан чечим чыгарды. Ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн ага Интерполдун линиясы боюнча издөө жарыяланды.