AFP: Павел Дуровдун камактагы мөөнөтү узартылды

Францияда сот Telegram мессенжеринин 48 саатка камалган негиздөөчүсү Павел Дуровдун камактагы мөөнөтүн 96 саатка чейин узартты. Бул тууралуу AFP агенттиги тергөөгө жакын булагына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, бул мөөнөт аяктаганга чейин Дуровго айып тагылып же эркиндикке чыгарылышы керек. Ошол эле маалда маңзат соодасы жана терроризм өңдүү оор кылмыштарга шектелгендер айып тагылганга чейин 120-144 саатка чейин камакта болушу мүмкүн.
 
Француз жарандыгы бар Павел Дуров 24-август күнү кечинде Париж аэропортунда кармалган. Жергиликтүү TF1 телеканалынын маалыматына ылайык, ага терроризмге, маңзат соодасына, акча адалдоого жана балдарга каршы сексуалдаштырылган кылмыштарга байланыштуу айыптар тагылышы мүмкүн.

«Медуза» басылмасы Дуровдун кармалышы Telegram'да модерациянын жоктугуна жана мессенджер жетекчилигинин бийлик менен кызматташуудан баш тарканына байланыштуу экенин жазды.

Франциянын бийлиги бул иш боюнча расмий комментарий бере элек.

Бүгүн Telegram'дын командасы Дуровдун кармалганына байланыштуу билдирүү жасады. Анда мессенджер Евробиримдиктин бардык мыйзамдарын сактары, анын модерациясы тармактык стандарттарга туура келери белгиленген.

«Павел Дуровдун жашыра турган эч нерсеси жок. Ал Европада көп саякаттайт. Платформа же анын ээси мессенджердеги кыянаттыктар үчүн жооптуу деп айтуу абсурд», — деп жазылган билдирүүдө.