Күрөш боюнча уландар арасындагы дүйнө чемпионаты: Кыргызстан командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи

65 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн кыргызстандык Рустамжан Кахаров финалда орусиялык балбан Рамазан Абдулкадыровду утуп, дүйнөнүн чемпиону аталды. Финалга чейинки беттештеринде ал Иран, Австралия, Грузия жана Казакстандан барган спортчуларды жеңген.

Курсантбек Исаков (55 кг чейин) да финалда кубалык балбан Иосиф Иван Бахманнды утуп, дүйнө чемпиону аталды. Кыргыз спортчусу ага чейинки беттештеринде жапониялык, казакстандык жана америкалык атаандаштарын жеңген.

Өмүрбек Асан уулу (60 кг чейин) финалда азери балбанын утуп, алтын медаль тагынды. Ага чейин ал Жапония, Украина жана АКШ спортчуларын жеңген.

Марлен Абдыраимов (51 кг чейин) коло медаль үчүн болгон беттешинде өзбекстандык балбандан күчтүү болуп чыкты. Ал ага чейин түркмөн, беларус жана азери спортчуларын уткан.

Эркин күрөш боюнча 17 жашка чейинки уландар арасындагы дүйнө чемпионаты Иорданиянын Амман шаарында 23-августтан 25-августка чейин өттү.

Кыргызстандык балбандар жалпысынан үч алтын жана бир коло медаль утуп, жалпы командалык эсепте үчүнчү орунга жайгашты.