Мурдагы бажычы Райымбек Матраимов 26-октябрга чейин камакта калтырылды

Image descriptionМындай чечимди 23-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын «Клоопко» соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Матраимов жана анын үч бир тууганын УКМК 26-мартта кармаган. Экс-бажычы Бишкекке Азербайжандан алып келинген. Ал эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу иши боюнча камакка алынган.УКМК Матраимов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен «тыгыз байланышта» болгон деп билдирген.

Руслан жана Исламбек Матраимовдор ушул тапта Ошто тергөө абагында камакта.

Кара-Суу райондук соту Тилек Матраимовдун ишин 11-июнда карап, 1 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген жана жакынкы үч жылда мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан. Ош облустук соту 6-августта Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, айыптын өлчөмүн 300 миӊ сомго азайткан. Ага «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айып тагылган.