«Студентти сабаган». Эл артисти Акан Нуртазин күнөөлүү деп табылды

Image description15-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргыз Республикасынын эл артисти Акан Нуртазинди «Бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Ага Чолпонбай Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында студентти сабаган деген айып тагылган.

Сот Нуртазинди бир жылга эркинен ажыратты. Бирок ошол эле чечими менен мунапыс колдонуп, аны эркиндикке чыгарды.

Буга чейин жабыркаган студент журналисттерге кайрылган. Анын айтымында, окуя былтыр 15-майда окуу жайдын директорунун кабыл алуу бөлмөсүндө болгон.

Студент 24.kg басылмасына Нуртазин аны бөлмөгө кирип келип эле сабай баштаганын билдирген. Басылма анын мээси чайкалып, сынактарды тапшыра албай калгандыктан, окуудан чыгарылганын жазган.