Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун иниси, техника илимдеринин доктору Илгиз Айтматов 93 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу 27-августта анын кызы Жамиля Айтматова кабарлады.
Илгиз Айтматов тоо-кен геомеханикасы боюнча адис болгон, ал 1990-1993-жылдары Улуттук илимдер академиясын жетектеген.
Айтматов — 260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. Ал тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган.
Академик 2003-жылы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.