Маданият министрлиги ЖМКны, интернетти жана социалдык түйүндөрдү колдонуу менен жалган маалымат таратуу үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлду.
Мекеме Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 109-беренесине толуктоо киргизүүнү сунуштоодо. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, ЖМКны, интернетти жана социалдык түйүндөрдү колдонуу менен жалган, адаштыруучу же жаңылыш маалыматтарды жарыялоо, таратуу үчүн жеке жактарга 100 миң сомдон, юридикалык жактарга 200 миң сомдон айып пул салынат.
Маданият министрлигинен мыйзам долбоору коомдун кызыкчылыктарын жана жарандардын укуктары менен эркиндигин сактоо үчүн керек экенин билдиришти. Мекеме мыйзамдын кабыл алынышы «такталган маалыматтардын тарашына жана калктын интернеттен маалымат алууда сын ой жүгүртүү зарылдыгы жөнүндө маалымдуулугун арттырууга жардам берет» деп эсептейт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда «Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам иштеп жатат. Ага ылайык, Маданият министрлиги жалган маалымат таратты деп эсептеген каалаган сайтты соттун чечими жок эле бөгөттөй алат. Бул мыйзам менен бир катар басылмалардын, анын ичинде Kloop'тун да сайты бөгөттөлгөн.
Алгачкы бөгөттөөлөрдөн кийин «Медиа Полис» институтунун юристтери фейктер тууралуу мыйзам «бийликтин аракеттерине көз салып, жарандарга өкмөттүн ишин жакшыраак түшүнүүгө жардам берген маалыматтарды ачыктаган ЖМКга каршы административдик ресурс» экенин билдиришкен.