ИИМ Ошто 15 жаштагы кыз бир айдан ашык убакыт сексуалдык кулчулукта кармалганы жөнүндөгү маалымат боюнча комментарий берди.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, Ош шаарында өспүрүмдөрдөн турган топ бойго жете элек кызды дарыянын жээгине алып барып, аны кемсинтишкен.
«Алар ага күч колдонуп, денесине залал келтирип, кемсинтишкен. Мындан тышкары кызды бир нече күн белгисиз даректе күч менен кармап турушкан», — деп билдиришти милициядан.
Бул факт Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматтарды эсепке алуу журналына 23-августта катталган. Иш боюнча кызды зордуктоого шектелип 27 жаштагы киши кармалган.
Мындан тышкары жабырлануучуну сабаган деген шек менен 21 жаштагы кыз милицияга жеткирилген. Бирок анын бөгөт чарасы боюнча маалымат берилген жок.
«Соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана колго түшүрүү иштери жүрүүдө. Далил буюмдар катары кызды кемсинтүү жана сабоо учурлары тартылган видеолор алынды», — деп белгилешти ИИМден.
Буга чейин Ошто 15 жаштагы кыз бир айдан ашык убакыт сексуалдык кулчулукта кармалганы кабарланган. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага жабырлануучу кыздын адвокаты билдирген. Анын айтымында, кызды «интимдик кызмат көрсөтүшү үчүн ар кайсы эркектерге “сатышкан”». Адвокат ошондой эле «кызды кемсинтүү учурлары тартылган үрөй учурган кадрлар» бар экенин билдирген.