«Саясатташтырганды токтотсок». Министр эгемендик күнүндөгү иш-чара тууралуу үн катты

Маданият министри Алтынбек Максүтов 31-августта Эгемендик күнүнө карата Ала-Тоо аянтында өтчү концертке Орусиядан ырчылар өз демилгеси менен келе жатканын билдирди. 

Ал «кайсы бир чоң иш-чара болуп жатса, аны саясатка айлантканды токтотсок» деп элге кайрылды.

«Орусиялык ырчылар тобу өздөрү демилге көтөрүп, "Сиздердин Эгемендүүлүк майрамыңыздар жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракеси менен куттуктап коелу" деп жатышса, жок келбегиле демек белек? “Мааракеңер, майрамыңар менен куттуктап коелу” дегенди мамлекетибиздин кадыр-баркынынын өсүшү катары кабыл алышыбыз керек дейт элем. Мамлекетибиздин кадыры жок болсо кайсыл ырчы келип, белек катары ырдап берейин демек эле?» — деди министр.

Максүтов майрамдык иш-чараны «көпчүлүк кубануу менен кабыл алып жатат» деген пикирин айтып, азчылык көпчүлүккө баш ийиш керек деп белгиледи.

Буга чейин министр Эгемендик күнү өтө турган концерттин чыгымын демөөрчүлөр жабат деп билдирген. Ага орусиялык, швециялык, италиялык ырчылар чакырылганы айтылган. Көп өтпөй Президенттик администрациядан чет элдик ырчыларга эч кандай акча төлөнбөйт деп белгилешкен.