Кыргызстанда соода жүгүртүүдө сом менен эсептешүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Документ парламенттин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорунда улуттук валютанын макамын бекемдөө, сатуу жана сатып алуудагы (анын ичинде кыймылсыз мүлк, автоунаа жана баалуу кагаздарды) бардык эсептешүүлөрдү сом менен жүргүзүү сунушталган.

«Азыркы учурда республикада ички соода, көбүнчө кыймылсыз мүлк, автотранспорт, кредиттер, турларды уюштуруу чет элдик валютада ишке ашып жатканы байкалууда, бул биздин улуттук валютабыз, сомго басымдын күчөшүнө өбөлгө түзүүдө. Насыя берүү системасында турак-жайды бөлүп-бөлүп сатып алууда өлкөдө валюта курсу кескин секирип кеткенде же валюта курсу жасалма түрдө көтөрүлгөндө жарандар карыздарын төлөөдө кыйынчылыктарга туш болушат», — деп жазылган долбоордун түшүндүрмөсүндө.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда товарлардын жана кызматтардын бааларын жарнамаларда чет өлкөлүк валютада көрсөтүүгө тыюу салуу каралган.

Демилгечилер чет өлкөлүк валютада кирешеси жана чыгашасы бар экономикалык субъектилер экспорт менен импортко байланышкан соода ишмердүүлүктөрүн чет өлкөлүк валюталарда жүргүзө алышарын белгилешти.