Орусия: Мигранттарды кайтар билети үчүн алдын ала акча бөлүүгө милдеттендирүү сунушталууда

Орусияда парламент депутаттары мигранттарды мекенине кайтуу үчүн билетке алдын ала акча бөлүүнү милдеттендирүүнү сунушташты. Бул тууралуу демилгечилерин бири Вадим Деньгин «Парламенттик гезитке» билдирди.

«Азыр биз сенаторлор менен бул демилгени иштеп чыгуудабыз. Бизге келген мигранттын атайын эсебинде авиабилеттин наркындагы акча болушу керек. Бул эгер чет өлкөлүктүн патенти же келишим мөөнөтү бүтсө, же мыйзамсыз аракеттер үчүн Орусиядан чыгарылганда өлкөсүнө кайтуусу үчүн талап кылынат»,
— деди Деньгин.

Сенатор эсепке акчаны мигранттын өзү эле эмес, кайдан келсе, ошол мамлекет дагы которо алат деп белгиледи.

«Мигранттар көп учурда Орусиядан кетиши керек болгондо, акчасы жок экенин айтат. Ал Орусиянын, орус салык төлөөчүлөрүнүн эсебинен чыгарылат. Бул туура эмес, андай адамдардын жол киресин Орусия төлөбөшү керек. Бул демилгени иштеп чыгып, жыл соңуна чейин Орусия өкмөтү менен алдын ала макулдашып, Мамдумага сунуштоого аракет кылабыз»,
— деди Деньгин.

Бул демилге Федерация кеңешинде талкууланууда. Орус ЖМКсынын маалыматы боюнча, аны Адам укуктары боюнча кеңеште да колдошкон. Жергиликтүү басылмалар мындай демилгелер «кылмыштуулук өсүп жаткан шартта» пайда болуп жатканын белгилешти.

8-августта Орусиянын президенти Владимир Путин полиция кызматкерлерине мигранттарды соттун чечими жок эле депортация кылууга укук берген мыйзамга кол койгон.

Документте мигранттарды «өлкөдөн чыгаруу режими» жазылган. Ага ылайык, мыйзам бузган мигранттар «көзөмөлдөнө турган адамдардын реестрине» киргизилет. Антан тышкары орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбагандарды жарандыктан ажыратууга жол ачкан мыйзам кабыл алынган.