Ошто 15 жаштагы кызды сойкулукка тартууга шектелген топ кармалды

Image descriptionИИМдин маалыматына ылайык, кыздардын тобу 15 жаштагы кызды алдап, коркутуп, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан.

Бул боюнча «Сойкулукка тартуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 18, 20, 21 жана 23 жаштагы төрт кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Териштирүү уланууда.

Буга чейин кызды зордуктоого шектелип 27 жаштагы киши кармалган болчу. Дагы бир кыз жабырлануучуну сабаган деген шек менен милицияга жеткирилген. Бирок анын бөгөт чарасы боюнча маалымат берилген эмес.

Жабырлануучунун адвокатынын айтымында, шектүүлөр «кызды интимдик кызмат көрсөтүү үчүн ар кандай эркектерге сатышкан». Ошондой эле «кызды кордогонго тартылган үрөй учурган сүрөт, видео далилдер бар экенин» да белгилеген.