Паралимпиадачылардын биринчи машыктыруучусу Парижге ден соолугунан улам барбай калганын айтты

Кыргызстандын алгачкы паратриатлон боюнча Дүйнө чемпиону Жалалдин Абдувалиев паралимпиадага ден соолугуна байланыштуу бара албай калганын билдирди. Ал ден соолугу пандемиядан кийин начарлап кеткенин айтты.

«Бул Олимпиадалык айлампада менин милдетим көзү азис спортчулардын мүмкүн болушунча көбүрөөк мелдешке катышуусун камсыздоо болду. Алар үчүн логистиканы уюштуруп жаттым. Бул менин команданын курамына кире албай калышымдын дагы бир себеби болду»,
— деп жазды ал инстаграм барагына.

Спортчу жакында ден соолугун калыбына келтирип, кайрадан «Кыргызстанды спорттук аренада даңазалайм» деген ишеничин билдирди.

«Өзүм катыша албай калсам да, окуучуларымдын Паралимпиададагы ийгиликтери өзүм катышкандан да көп сыймык тартуулайт»,
— деди ал.

Жалалдин Абдувалиев — паратриатлет, триатлон боюнча эл аралык класстагы спорт чебери жана көзү азиздердин насаатчысы. Азия чемпионатында эки жолку (2017-2018-жылы) күмүш медаль жеңген. Былтыр Кытайда өткөн Пара Азия оюндарында эки күмүш тагынган.

Паралимпиада оюндары 28-августтан 8-сентябрга чейин Парижде өтөт. Ага 182 өлкөдөн 4400гө жакын спортчу катышууда. Кыргызстандан төрт спортчу — пауэрлифтинг боюнча Миргүл Боталиева, жеңил атлетикадан Гүлназ Жүзбаева, триатлондон Айтунук Жоомарт кызы жана дзюдодон Маматибраим Суранов катышат.